# 11-берене. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчыларынын жоопкерчилиги

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203846)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 11-мартындагы № 39 "Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 11.03.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.07.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 28 июля 2017 года № 162 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в связи с реформированием системы правоохранительных органов в целях обеспечения эффективной борьбы с коррупцией и преступлениями в сфере экономики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111669)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203846/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4777/edition/824286/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203846/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө, 11-берене (28.07.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203846/st-11

---

1. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчылары өз ыйгарым укуктарынын чектеринде өз алдынча чечим кабыл алышат жана мыйзамга ылайык өздөрүнүн укукка каршы аракеттери же аракетсиздиктери үчүн жоопкерчилик тартышат. Эгерде кызматчыга мыйзамга карама-каршы келген буйрук же тескеме берилсе, ал Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын жетекчиликке алууга милдеттүү.

2. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчысынын иш-аракети формалдуу түрдө укукка карама-каршы жосунга туура келген учурда, мыйзам бузулду деп таанылбашы мүмкүн, эгерде алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коргонуу зарылдыгы, аргасыз зарылдык, негизделген тобокелдик абалында жасалса.

Эгерде жасалган аракеттер түзүлгөн кырдаалдан объективдүү келип чыкса, ал эми мыйзамдуу максатка мындай аракеттерди жасабастан жетишүү мүмкүн болбосо жана баңги заттарды контролдоо боюнча органдын көрсөтүлгөн аракеттерге жол берген кызматчысы түзүлгөн жагдайда келтирилген зыянды болтурбоо үчүн мүмкүн болгон бардык чараларды көрсө, зарыл коргонуу, аргасыз зарылдык же негиздүү тобокелдик акталган деп таанылат.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203846/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203846/st-12)
