# 10-берене. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчыларынын укуктук абалы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203846)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 11-мартындагы № 39 "Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 11.03.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.07.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 28 июля 2017 года № 162 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в связи с реформированием системы правоохранительных органов в целях обеспечения эффективной борьбы с коррупцией и преступлениями в сфере экономики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111669)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 ноября 2014 года № 152 "О внесении дополнения и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205373)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203846#diff=824286..824287>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203846/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4777/edition/824286/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203846/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө, 10-берене (28.07.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203846/st-10

---

1. Баңги заттарды контролдоо боюнча органда кызматта турган, белгиленген тартипте атайын наам ыйгарылган адам анын кызматчысы болуп саналат, ага ушул Мыйзамдын жоболору жайылтылат.

(Экинчи абзац КР 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 152 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчыларынын атайын наамдарынын тизмеги, аларды ыйгаруунун, сактоонун жана ажыратуунун тартиби, ошондой эле атайын наамдарды алуу үчүн коюлуучу талаптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.

2. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчысы бийлик өкүлү болуп саналат жана мамлекеттин коргоосунда турат. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчысынын мыйзамдуу талаптары жарандардын жана кызмат адамдарынын аткаруусу үчүн милдеттүү.

Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчысынын мыйзамдуу талаптарын аткарбоо, мазактоо, каршылык көрсөтүү, уруп-сабайм деп коркутуу же анын өмүрүнө, ден соолугуна, аброюна жана ар намысына доо кетирүү жана ага жүктөлгөн милдеттерди аткарууга тоскоол болгон дагы башка аракеттер жана анын кызматтык милдетин аткаруусуна байланыштуу үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жакын туугандарына кандай гана зыян келтирүү коркунучу болбосун мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келет. (КР 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203846/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203846/st-11)
