1-берене
Күчүндө · 11.03.2013 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Токой кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 12, 534-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 22-статья төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи жана он экинчи абзацтар менен толукталсын:
"- биомассаны, токойду жана башка жердеги экотутумду кошуп алганда, Кыргыз Республикасы тарап болуп саналган, Монреаль протоколу менен жөнгө салынбаган бардык парник газдарын сиңирип алуучуларды жана топтогучтарды сарамжалдуу пайдалануу;
- климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине ыңгайлашуу;".
2. 29-статьянын 1-бөлүгү "ден соолукту чыңдоочу" деген сөздөрдөн кийин ", көмүртектин диоксидин сиңирип алуунун эсебинен климаттын глобалдык өзгөрүшүнүн жагымсыз кесепеттерин эскертүүчү" деген сөздөр менен толукталсын.
3. 74-статья "жергиликтүү программалардын" деген сөздөрдөн кийин ", анын ичинде климаттын өзгөрүшүнө жана парник газдарын сиңирип алуунун көбөйүшүнө ыңгайлашуу боюнча аракеттердин" деген сөздөр менен толукталсын.
Берененин тексти 11.03.2013 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Токой кодексиКодекс · 08.07.1999 · № 66
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203845/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Токой кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>