# КР 2013-жылдын 11-мартындагы № 38 "Кыргыз Республикасынын Токой кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 11-мартындагы № 38 "Кыргыз Республикасынын Токой кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 38
- Кабыл алынган күнү: 11.03.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.03.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203845>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4776/edition/452668/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203845.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.03.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2013-жылдын 11-мартындагы № 38 "Кыргыз Республикасынын Токой кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (11.03.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203845

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2013-жылдын 11-марты № 38

Кыргыз Республикасынын Токой кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203845/st-1)

Кыргыз Республикасынын Токой кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 12, 534-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. 22-статья төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи жана он экинчи абзацтар менен толукталсын:

"- биомассаны, токойду жана башка жердеги экотутумду кошуп алганда, Кыргыз Республикасы тарап болуп саналган, Монреаль протоколу менен жөнгө салынбаган бардык парник газдарын сиңирип алуучуларды жана топтогучтарды сарамжалдуу пайдалануу;

- климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине ыңгайлашуу;".

2. 29-статьянын 1-бөлүгү "ден соолукту чыңдоочу" деген сөздөрдөн кийин ", көмүртектин диоксидин сиңирип алуунун эсебинен климаттын глобалдык өзгөрүшүнүн жагымсыз кесепеттерин эскертүүчү" деген сөздөр менен толукталсын.

3. 74-статья "жергиликтүү программалардын" деген сөздөрдөн кийин ", анын ичинде климаттын өзгөрүшүнө жана парник газдарын сиңирип алуунун көбөйүшүнө ыңгайлашуу боюнча аракеттердин" деген сөздөр менен толукталсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203845/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
