# 2-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203840)
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 25-февралындагы № 33 "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 33
- Кабыл алынган күнү: 25.02.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203840/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4771/edition/1264964/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203840/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 2-берене (17.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203840/st-2

---

"Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 7, 362-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 4-статья күчүн жоготту деп таанылсын.

2. 7 жана 8-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"7-статья. Ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу

1. Ченемдик укуктук актылар эки тилде: мамлекеттик жана расмий тилдерде кабыл алынат.

2. Тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында жашаган адамдардын санынын көпчүлүгү мамлекеттик тилди билген жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын тиешелүү чечими болгон шартта, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик тилде гана кабыл алууга жол берилет.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203840/st-1)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/203840/st-8)
