# КР 2013-жылдын 25-февралындагы № 33 "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 25-февралындагы № 33 "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 33
- Кабыл алынган күнү: 25.02.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203840>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4771/edition/1264964/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203840.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2013-жылдын 25-февралындагы № 33 "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (17.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203840

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2013-жылдын 25-февралы № 33 Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 17-июлундагы № 140 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203840/st-1)

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 17-июлундагы № 140 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203840/st-2)

"Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 7, 362-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 4-статья күчүн жоготту деп таанылсын.

2. 7 жана 8-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"7-статья. Ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу

1. Ченемдик укуктук актылар эки тилде: мамлекеттик жана расмий тилдерде кабыл алынат.

2. Тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында жашаган адамдардын санынын көпчүлүгү мамлекеттик тилди билген жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын тиешелүү чечими болгон шартта, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик тилде гана кабыл алууга жол берилет.

### [8-статья. Ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоо](https://aqlex.ai/kg/doc/203840/st-8)

Кабыл алынган тилде жарыялануучу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын кошпогондо, ушул Мыйзамдын 7-статьясынын 2-бөлүгүнө ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоо эки тилде: мамлекеттик жана расмий тилдерде жүзөгө ашырылат.".

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203840/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
