# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 26-декабрындагы № 187 "Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 26-декабрындагы № 187 "Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 187
- Кабыл алынган күнү: 26.12.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.12.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20384>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1385/edition/496368/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20384.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.12.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 26-декабрындагы № 187 "Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому (26.12.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20384

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2013-жылдын 26-декабры № 187 Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоону дайындоо жөнүндө “Борбордун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесинин 3-пунктуна, “Ош шаарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесинин 3-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 5-пунктуна, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо 2014-жылдын 15-январына дайындалсын.

2. Бишкек жана Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону мыйзамда белгиленген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы

Т. Абдраимов
