# 1-берене

- Документ: ["Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/203837)
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 22-февралындагы № 30 ""Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 30
- Кабыл алынган күнү: 22.02.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.02.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203837/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4768/edition/452652/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203837/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.02.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу, 1-берене (22.02.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203837/st-1

---

"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 751-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1. 24-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Ченемдик укуктук актынын долбоорун мамлекеттик тилде гана кароого киргизүүгө жол берүү жөнүндө чечим кабыл алган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын ченемдик укуктук актысынын долбоорун кошпогондо, ченемдик укуктук актынын долбоору кагаз түрүндө электрондук сакталмасы менен кошо мамлекеттик жана расмий тилдерде киргизилет.".

2. 26-берене төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-бөлүк менен толукталсын:

"1-1. Ченемдик укуктук актылар мамлекеттик жана расмий тилдерде кабыл алынат. Тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашаган шарттарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын тиешелүү чечими болгондо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү өкүлчүлүктүү органынын ченемдик укуктук актысынын мамлекеттик тилде гана кабыл алынышына жол берилет.".

3. 28-берененин 2-бөлүгүндөгү "мамлекеттик жана расмий тилдерде электрондук жана кагаз түрүндө" деген сөздөр алып салынсын.

4. 29-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Ушул Мыйзамдын 26-беренесинин 1-1-бөлүгүнө ылайык кабыл алынган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын кошпогондо, ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоо мамлекеттик жана расмий тилдерде жүргүзүлөт.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203837/st-2)
