1-берене
Күчүндө · 22.02.2013 редакциясы
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 751-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 24-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Ченемдик укуктук актынын долбоорун мамлекеттик тилде гана кароого киргизүүгө жол берүү жөнүндө чечим кабыл алган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын ченемдик укуктук актысынын долбоорун кошпогондо, ченемдик укуктук актынын долбоору кагаз түрүндө электрондук сакталмасы менен кошо мамлекеттик жана расмий тилдерде киргизилет.".
2. 26-берене төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-бөлүк менен толукталсын:
"1-1. Ченемдик укуктук актылар мамлекеттик жана расмий тилдерде кабыл алынат. Тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашаган шарттарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын тиешелүү чечими болгондо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү өкүлчүлүктүү органынын ченемдик укуктук актысынын мамлекеттик тилде гана кабыл алынышына жол берилет.".
3. 28-берененин 2-бөлүгүндөгү "мамлекеттик жана расмий тилдерде электрондук жана кагаз түрүндө" деген сөздөр алып салынсын.
4. 29-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Ушул Мыйзамдын 26-беренесинин 1-1-бөлүгүнө ылайык кабыл алынган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын кошпогондо, ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоо мамлекеттик жана расмий тилдерде жүргүзүлөт.".
Берененин тексти 22.02.2013 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (4)
- Yч-Коргон айылдык кеңешинин 2014-жылдын 17-февралындагы № 7/ 11 "Yч-Коргон айыл кеңешинин (V чакырылышынын) токтомдорун мамлекеттик тилде кабыл алуу жѳнγндѳ" токтомуПостановление · 24.02.2014 · № 7/ 11
- Халмион айылдык кеңешинин 2013-жылдын 15-январындагы № 2/11 "Халмион айылдык кеңешинин (V чакырылыш) токтомдорун мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө" токтомуПостановление · 15.02.2013 · № 2/11
- Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2017-жылдын 17-мартындагы № 5/12 "Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин (VI чакырылышы) токтомдорун мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө"Постановление · 17.03.2017 · № 5/12
- Таш-Булак айылдык кеңешинин 2013-жылдын 09-октябрындагы № 2 «Таш-Булак айылдык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө» токтомуПостановление · 03.10.2013 · № 2
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203837/st-1" title="1-берене - "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>