3-берене
Күчүндө · 06.08.2025 редакциясы
"Документтердин милдеттүү нускасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 12, 574-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча:
"Кинофотофонодокументтердин борбордук мамлекеттик архивине", "Кинофотофонодокументтердин борбордук архивине" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Кинофотофонодокументтердин борбордук архивине" деген сөздөргө алмаштырылсын; "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик архив агенттигине" деген сөздөр "Архив ишин башкаруунун республикалык органына" деген сөздөргө алмаштырылсын; ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Кыргыз Республикасынын Китеп палатасы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы Мамлекеттик китеп палатасы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 22-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"22-статья. Документтердин акысыз милдеттүү республикалык нускасы жөнүндө маалымдоо
1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы Мамлекеттик китеп палатасы келип түшүүчү басылмалар жөнүндө маалыматтарды камтыган мамлекеттик библиографиялык көрсөткүчтөрдү басып чыгарат.".
Берененин тексти 06.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Об обязательном экземпляре документовЗакон · 22.11.1997 · № 83
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203836/st-3" title="3-берене - Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>