# КР 2013-жылдын 22-февралындагы № 28 "Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 22-февралындагы № 28 "Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 28
- Кабыл алынган күнү: 22.02.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203835>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4766/edition/1119779/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203835.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2013-жылдын 22-февралындагы № 28 "Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203835

---

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2013-жылдын 22-февралы № 28

Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203835/st-1)

Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., N 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин: 334-беренеде: 4-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын; 5-бөлүгү "муниципалдык пайдалануучу" деген сөздөрдөн кийин "(, эгерде ушул статьяда башкача каралбаса, (ижарага берүүчү)" деген сөздөр менен толукталсын; 7-бөлүгү "жер салыгын төлөөчү ижарага берүүчү" деген сөздөрдөн мурун "айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондудагы жерлерди кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын."; 8-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондундагы жерлерди пайдаланууга (ижарага) берүүдө ижарачы жер салыгын төлөөчү болуп саналат.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203835/st-2)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 30 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
