# КР 2013-жылдын 20-февралындагы № 26 "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 20-февралындагы № 26 "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 26
- Кабыл алынган күнү: 20.02.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203833>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4764/edition/1119775/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203833.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2013-жылдын 20-февралындагы № 26 "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203833

---

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2013-жылдын 20-февралы № 26

Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203833/st-1)

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 534-2-статья күчүн жоготту деп таанылсын.

2. 535-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"535-статья. Салык кызматы органдары Кыргыз Республикасынын салык кызматы органдары ушул Кодекстин 285, 286, 286-1, 291, 295, 298, 300, 301-1, 301-2-статьяларында, 302-статьянын 1 жана 3-бөлүктөрүндө, 307, 310, 341, 346, 348-356, 408-1, 410, 410-1-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт. Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана администрациялык жаза чарасын көрүүгө салык органдарынын жетекчилери жана алардын орун басарлары укуктуу. Эскертүү. 286-статьянын 2-бөлүгүндө, 286-1, 300, 301-1, 301-2-статьяларда, 302-статьянын 1-бөлүгүндө, 307-статьяда, 341-статьянын 1-бөлүгүндө, 354-статьяда каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө ишти кароодо салык кызматы органдары айып жана (же) лицензиядан ажыратуу түрүндө администрациялык жаза чарасын көрүшөт. Администрациялык жаза чарасынын кошумча түрү (конфискация) ушул Кодекстин 37-статьясына ылайык салынат.".

3. 556-1-статьянын 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда:

жыйырма биринчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын; жыйырма үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "салык кызматы органдары (285, 286, 286-1, 291, 295, 298, 300, 301, 301-1, 301-2, 301-3, 302, 307, 308, 310, 340, 341, 342, 346-1, 354, 405, 408-1, 410, 410-1-статьялар);".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203833/st-2)

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 1, 24-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин: 1-статьяда: 1-пункту "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле этил спиртин, алкоголдук жана курамында спирт камтылган продукцияларды импорттоону, өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо боюнча" деген сөздөр менен толукталсын; 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "7. Мамлекеттик салык кызматын Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалуучу төрага жетектейт.".

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203833/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
