# КР 2013-жылдын 20-февралындагы № 24 "Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 20-февралындагы № 24 "Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 24
- Кабыл алынган күнү: 20.02.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.11.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203831>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4762/edition/978847/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203831.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2013-жылдын 20-февралындагы № 24 "Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы (06.11.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203831

---

КР 2019-жылдын 6-ноябрындагы N 124 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2013-жылдын 20-февралы № 24 "Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203831/st-1)

"Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 759-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

### [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203831/st-5)

төмөнкүдөй мазмундагы жыйырманчы абзац менен толукталсын: "Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоо чөйрөсүндө жөнгө салууну, контролдоону жана көзөмөлдөөнү ишке ашырат;".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203831/st-2)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203831/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
