# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 26-декабрындагы № 188 "Ош облусундагы Өзгөн районунун Зергер айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 26-декабрындагы № 188 "Ош облусундагы Өзгөн районунун Зергер айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 188
- Кабыл алынган күнү: 26.12.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.12.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20383>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1384/edition/496366/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20383.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.12.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 26-декабрындагы № 188 "Ош облусундагы Өзгөн районунун Зергер айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому (26.12.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20383

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2013-жылдын 26-декабры № 188 Ош облусундагы Өзгөн районунун Зергер айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 26-ноябрындагы №166 токтому менен дайындалган Ош облусундагы Өзгөн районунун Зергер айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо талапкерлер зарыл болгон сандагы депутаттардын добуштарын алышпагандыктан айыл өкмөт башчысы шайланган эмес. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 5-пунктуна, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош облусундагы Өзгөн районунун Зергер айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен 2014-жылдын 15- январына дайындалсын.

2. Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону мыйзамда белгиленген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы

Т. Абдраимов
