# КР 2013-жылдын 19-февралындагы № 22 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 19-февралындагы № 22 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 22
- Кабыл алынган күнү: 19.02.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203829>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4760/edition/1193050/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203829.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2013-жылдын 19-февралындагы № 22 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (29.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203829

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2013-жылдын 19-февралы № 22 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 157, 2017-жылдын 2-августундагы № 164, 2022-жылдын 1-ноябрындагы N 100, 2023-жылдын 29-декабрындагы № 217 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203829/st-1)

(КР 2017-жылдын 2-августундагы № 164 Мыйзамына ылайык 2017-жылдын 1-октябрынан тартып күчүн жоготот)

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203829/st-2)

(КР 2023-жылдын 29-декабрындагы № 217 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 11, 981-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 2-статьянын 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацындагы "аткаруучу-тескөөчү жана башка" деген сөздөр "аткаруучу" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. 18-статьянын 1-бөлүгүндө:

1) "Конституциялык сотунун" деген сөздөр "Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) расмий тилдеги текстиндеги "Омбудсмена (Акыйкатчы)" деген сөздөр "Акыйкатчы (Омбудсмена)" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. Расмий тилдеги 35-статьянын текстиндеги "Омбудсмену (Акыйкатчы)" деген сөздөр "Акыйкатчы (Омбудсмену)" деген сөздөргө алмаштырылсын.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203829/st-3)

(КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 157 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

### [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203829/st-4)

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу тартиби жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 6, 521-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 2-статьянын төртүнчү абзацындагы "Конституциялык соту" деген сөздөр "Жогорку сотунун Конституциялык палатасы" деген сөздөргө алмаштырылсын.

### [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203829/st-5)

(КР 2022-жылдын 1-ноябрындагы N 100 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

### [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203829/st-6)

"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 751-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 31-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2. Ченемдик укуктук актыларды расмий чечмелөө (түшүндүрүү) ошол актыны кабыл алган ченем жаратуучу орган тарабынан ченемдик укуктук актыны кабыл алуу жолу менен жүзөгө ашырылат.".

### [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203829/st-7)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
