# КР 2013-жылдын 14-февралындагы № 18 "Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзам

- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 14-февралындагы № 18 "Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзам
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 14.02.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.07.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203825>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4756/edition/665639/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203825.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2013-жылдын 14-февралындагы № 18 "Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзам (24.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203825

---

КР 2015-жылдын 24-июлундагы № 193 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2013-жылдын 14-февралы № 18 "Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203825/st-1)

"Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., N 5, 262-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 4 жана 14-статьялардын 2-бөлүгүн кошпогондо, Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "маданиятты мамлекеттик башкаруунун борбордук органы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. 4-статьянын 2-бөлүгүндөгү "Маданиятты мамлекеттик башкаруунун борбордук органы" деген сөздөр "Маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. 14-статьянын 2-бөлүгүндөгү "маданиятты мамлекеттик башкаруунун борбордук органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.

4. 16-статьянын 2-бөлүгүндөгү "эл аралык келишимдерге" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге" деген сөздөргө алмаштырылсын.

5. 17-статьянын 2-бөлүгүндөгү ", жергиликтүү мамлекеттик администрациялар" деген сөздөр алып салынсын.

6. 23-статьянын 1-бөлүгүндөгү "Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү" деген сөздөр "Жергиликтүү" деген сөзгө алмаштырылсын.

7. 25-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"25-статья. Кыргыз Республикасында музейлерди түзүү Кыргыз Республикасында музейлер мекемелер формасында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте түзүлөт.".

8. 27-статьянын 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.

9. 28-статьянын 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.

10. 34-статья төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"34-статья. Ушул Мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик Ушул Мыйзамды бузгандык үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик белгиленет.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203825/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
