# КР 2013-жылдын 13-февралындагы № 15 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 13-февралындагы № 15 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 13.02.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.11.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203822>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4753/edition/1193044/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203822.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2013-жылдын 13-февралындагы № 15 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (01.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203822

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2013-жылдын 13-февралы № 15

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (КР 2022-жылдын 1-ноябрындагы N 100 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203822/st-1)

"Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 2, 5-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 4-статьянын 6-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "6. Керектөөчү товардын (иштин, кызматтын) иш жүзүндө алынган саны үчүн акы төлөйт. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же тараптардын макулдашуусунда каралган учурларда товарларга, иштерге жана кызматтарга акы төлөө алдын ала төлөөнү киргизүү жолу менен да жүргүзүшү мүмкүн.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203822/st-2)

(КР 2022-жылдын 1-ноябрындагы N 100 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203822/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
