# КР 2013-жылдын 13-февралындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 13-февралындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 13.02.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.10.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203821>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4752/edition/452620/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203821.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.10.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2013-жылдын 13-февралындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы (24.10.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203821

---

КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2013-жылдын 13-февралы № 14

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203821/st-1)

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 231-1-статья менен толукталсын:

"231-1-статья. Жолду мыйзамсыз тосуу

Жеке жана (же) юридикалык жактардын жолду мыйзамсыз тосуусу, башкача айтканда, жарандардын эркин жүрүүгө укуктарын жана эркиндиктерин чектөөгө багытталган аракеттери, - жеке жактарга эсептешүү көрсөткүчүнүн отуз өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер тосмолоо буюмдарын орнотуу менен жасалганда, - жеке жактарга эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жети жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".

2. 508-статьянын 1-бөлүгү "230-статьясынын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө," деген сөздөрдөн кийин "231-1-статьясында," деген сөздөр менен толукталсын.

3. 556-1-статьянын 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун үчүнчү абзацы "157," деген сандан кийин "231-1," деген сан менен толукталсын.

4. 564-статьянын 1-пункту "көчө жүрүштөрүн жана демонстрацияларды" деген сөздөрдөн кийин "жолду мыйзамсыз тосууну" деген сөздөр менен толукталсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203821/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
