# 8-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203817)
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 1-февралындагы № 10 "Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 01.02.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.12.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203817/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4748/edition/838551/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203817/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө, 8-берене (30.12.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203817/st-8

---

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөргө укуктуу:

1) эгерде бул республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн азайтууга алып келбесе, ушул Мыйзамдын 1-беренесинде бекитилген сумманын чегинде, ушул Мыйзамдын тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;

2) тийиштүү органдар тарабынан кабыл алынуучу ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле өндүрүш көлөмдөрүнүн (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн), баалардын деңгээлинин өзгөрүшүнөн, түзүмдүк өзгөртүүлөрдөн келип чыккан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бюджеттери менен Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин өз ара эсептерине тактоо киргизүүгө.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана тактоолор Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан каралгандан жана кабыл алынгандан кийин аткарылат. Зарыл болгондо бул өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитети менен макулдашуу боюнча тиешелүү түзөтүүлөр жөнүндө Мыйзам кабыл алынганга чейин аткарылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203817/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203817/st-9)
