8-берене
Күчүндө · 30.12.2013 редакциясы
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөргө укуктуу:
1) эгерде бул республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн азайтууга алып келбесе, ушул Мыйзамдын 1-беренесинде бекитилген сумманын чегинде, ушул Мыйзамдын тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;
2) тийиштүү органдар тарабынан кабыл алынуучу ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле өндүрүш көлөмдөрүнүн (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн), баалардын деңгээлинин өзгөрүшүнөн, түзүмдүк өзгөртүүлөрдөн келип чыккан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бюджеттери менен Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин өз ара эсептерине тактоо киргизүүгө.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана тактоолор Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан каралгандан жана кабыл алынгандан кийин аткарылат. Зарыл болгондо бул өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитети менен макулдашуу боюнча тиешелүү түзөтүүлөр жөнүндө Мыйзам кабыл алынганга чейин аткарылышы мүмкүн.
Берененин тексти 30.12.2013 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203817/st-8" title="8-берене - Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>