# 7-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203817)
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 1-февралындагы № 10 "Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 01.02.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.12.2013
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 декабря 2013 года № 226 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О республиканском бюджете Кыргызской Республики на 2013 год и прогнозе на 2014-2015 годы""](https://aqlex.ai/kg/doc/205116)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203817#diff=838551..838552>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203817/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4748/edition/838551/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203817/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө, 7-берене (30.12.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203817/st-7

---

1. Белгиленсин:

1) Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринин 1-4-класстарынын окуучуларынын тамактануусун уюштурууга каражаттар (республикалык маанидеги шаарларды кошпогондо) 2013-жылга 223877,8 миң сом суммасында;

2) бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын алыскы зоналардын оор, жагымсыз табигый-климаттык шарттарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринин 1-4-класстарынын окуучуларынын тамактануу ченеми 1 окуучуга күнүнө 10 сом эсебинде.

2. Жалпы билим берүүчү мектептердин 1-4-класстарынын окуучуларынын тамактануусун уюштурууга бөлүнгөн каражаттарды өз убагында жана максаттуу пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары жоопкерчилик тартышат.

3. Жалпы билим берүүчү мектептердин 1-4-класстарынын окуучуларынын тамактануусун уюштуруудан үнөмдөлгөн каражаттар республикалык бюджетке кайтарылып берилери белгиленсин.

(КР 2013-жылдын 30-декабрындагы № 226 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203817/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203817/st-8)
