# 5-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203817)
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 1-февралындагы № 10 "Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 01.02.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.12.2013
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 декабря 2013 года № 226 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О республиканском бюджете Кыргызской Республики на 2013 год и прогнозе на 2014-2015 годы""](https://aqlex.ai/kg/doc/205116)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203817#diff=838551..838552>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203817/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4748/edition/838551/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203817/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө, 5-берене (30.12.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203817/st-5

---

1. Кыргыз Республикасынын 2013-жылга өнүктүрүү бюджетинин чыгашалары жана 2014-2015-жылдарга болжолу 3-тиркемеге ылайык белгиленсин.

2013-жылы өнүктүрүү бюджеттин каржылоо үчүн каражаттар республикада төмөнкүлөрдүн эсебинен жүзөгө ашырылат:

1) ички булактардан - 3646155,5 миң сом;

2) тышкы булактардан: МИП - 14781278,0 миң сом, гранттык каражаттар - 3950218,8 миң сом.

2. Капиталдык салымдарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 2380,0 млн. сом суммасында бекитилсин жана алар артыкчылыктуу тартипте 2012-жылга бекитилген тизмедеги курулуш объектилерин бүткөрүүгө багытталсын.

Республикалык бюджеттен капиталдык салымдарды пландаштыруу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан жүзөгө ашырылсын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кеңейтилген форматта тармактык комитет менен макулдашууга жиберилсин. Жергиликтүү бюджеттерден капиталдык салымдарды пландаштыруу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары тарабынан жүзөгө ашырылсын. Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 11-апрелиндеги №25-р Чечими

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун дотациялык органдарына стимулдоочу (үлүштүк) гранттарды каржылоонун артыкчылыгы 400,0 млн. сом суммасында белгиленсин.

(КР 2013-жылдын 30-декабрындагы № 226 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203817/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203817/st-6)
