# 16-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203817)
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 1-февралындагы № 10 "Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 01.02.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.12.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203817/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4748/edition/838551/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203817/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө, 16-берене (30.12.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203817/st-16

---

1. Бюджеттик мекемелер, чарбакер субъекттер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максаттуу багытталышы боюнча пайдаланылбаган республикалык бюджеттин каражаттары тиешелүү бюджетке өндүрүп алынууга жатат.

Кайтарып берүү негизинде берилген бюджеттик каражаттарды өз убагында кайтарбоо, ошондой эле аларды пайдаланганы үчүн пайыздарды төлөөнүн мөөнөтүн өткөрүп жиберүү мамлекеттик колдоонун бардык түрлөрүн кыскартууга же токтотууга жана кызмат адамдарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул Мыйзамдын беренелерин аткарбаганы үчүн жоопкерчиликке тартууга негиз катары кызмат кылат.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлөрдө жайгашкан мекемелерин кошпогондо, бюджеттик мекемелерге казына тутумун четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттын 100 пайызы республикалык бюджеттин кирешесине алынат.

3. 2013-жылдын 1-январынан тартып атайын каражаттарга салык жоюлгандыгына жана республикалык бюджеттен бул кирешенин азайып кетишин алдын алуу зарылдыгына байланыштуу калкка бюджеттик мекемелер көрсөткөн акы төлөнүүчү кызматтардын бааларынын тарифи 2012-жылдын деңгээлинде сакталсын.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203817/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203817/st-17)
