16-берене
Күчүндө · 30.12.2013 редакциясы
1. Бюджеттик мекемелер, чарбакер субъекттер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максаттуу багытталышы боюнча пайдаланылбаган республикалык бюджеттин каражаттары тиешелүү бюджетке өндүрүп алынууга жатат.
Кайтарып берүү негизинде берилген бюджеттик каражаттарды өз убагында кайтарбоо, ошондой эле аларды пайдаланганы үчүн пайыздарды төлөөнүн мөөнөтүн өткөрүп жиберүү мамлекеттик колдоонун бардык түрлөрүн кыскартууга же токтотууга жана кызмат адамдарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул Мыйзамдын беренелерин аткарбаганы үчүн жоопкерчиликке тартууга негиз катары кызмат кылат.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлөрдө жайгашкан мекемелерин кошпогондо, бюджеттик мекемелерге казына тутумун четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттын 100 пайызы республикалык бюджеттин кирешесине алынат.
3. 2013-жылдын 1-январынан тартып атайын каражаттарга салык жоюлгандыгына жана республикалык бюджеттен бул кирешенин азайып кетишин алдын алуу зарылдыгына байланыштуу калкка бюджеттик мекемелер көрсөткөн акы төлөнүүчү кызматтардын бааларынын тарифи 2012-жылдын деңгээлинде сакталсын.
Берененин тексти 30.12.2013 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203817/st-16" title="16-берене - Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>