# 11-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203817)
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 1-февралындагы № 10 "Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 01.02.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.12.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203817/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4748/edition/838551/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203817/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө, 11-берене (30.12.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203817/st-11

---

1. 2013-жылга чегерүүлөрдүн ченемдери төмөнкүлөрдөн белгиленсин:

1) жалпы мамлекеттик салыктык түшүүлөрдөн: салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгынан, шаарлар менен айылдардын жергиликтүү бюджеттери үчүн сатуудан түшкөн салыктан - 50 пайыз өлчөмүндө;

2) жер салыгынан, мүлк салыгынан, ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыктан, милдеттүү патенттөөнүн негизиндеги салыктан бирдиктүү салыктын негизинде келип түшүүлөрдөн - шаарлар менен айылдардын жергиликтүү бюджеттеринин тескөөсүнө 100 пайыз өлчөмүндө;

3) иштелип чыгылган жери (жайгашкан жери) боюнча тиешелүү бюджеттерге жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салыктан (стратегиялык пайдалуу кендерди: алтынды, мунайзатты, газды алуудан тышкары роялти) - шаарлардын жана айылдардын жергиликтүү бюджеттерине 50 пайыз өлчөмүндө.

2. Өндүрүлгөн (казып алынган/иштеп чыгарылган) жана кызмат көрсөткөн жерлер боюнча эсеп-кысап эсептерин ачуу менен салык төлөөчүлөр тарабынан салыктык жана салыктык эмес милдеттенмелер боюнча төлөмдөр жүргүзүлсүн.

3. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда салыктын ар бир түрү боюнча пландык келип түшүүлөрдөн чегерүүлөрдүн бекитилген ченемдеринин чектеринде ашыра аткаруу болжолдору болгондо жалпы мамлекеттик салыктардын суммаларын бөлүштүрүү белгиленсин.

4. Жергиликтүү салыктык жана салыктык эмес жыйымдардан келип түшкөн жергиликтүү бюджеттердин кирешелери башка деңгээлдердеги бюджеттерге алынууга жатпайт.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203817/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203817/st-12)
