11-берене
Күчүндө · 30.12.2013 редакциясы
1. 2013-жылга чегерүүлөрдүн ченемдери төмөнкүлөрдөн белгиленсин:
1) жалпы мамлекеттик салыктык түшүүлөрдөн: салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгынан, шаарлар менен айылдардын жергиликтүү бюджеттери үчүн сатуудан түшкөн салыктан - 50 пайыз өлчөмүндө;
2) жер салыгынан, мүлк салыгынан, ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыктан, милдеттүү патенттөөнүн негизиндеги салыктан бирдиктүү салыктын негизинде келип түшүүлөрдөн - шаарлар менен айылдардын жергиликтүү бюджеттеринин тескөөсүнө 100 пайыз өлчөмүндө;
3) иштелип чыгылган жери (жайгашкан жери) боюнча тиешелүү бюджеттерге жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салыктан (стратегиялык пайдалуу кендерди: алтынды, мунайзатты, газды алуудан тышкары роялти) - шаарлардын жана айылдардын жергиликтүү бюджеттерине 50 пайыз өлчөмүндө.
2. Өндүрүлгөн (казып алынган/иштеп чыгарылган) жана кызмат көрсөткөн жерлер боюнча эсеп-кысап эсептерин ачуу менен салык төлөөчүлөр тарабынан салыктык жана салыктык эмес милдеттенмелер боюнча төлөмдөр жүргүзүлсүн.
3. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда салыктын ар бир түрү боюнча пландык келип түшүүлөрдөн чегерүүлөрдүн бекитилген ченемдеринин чектеринде ашыра аткаруу болжолдору болгондо жалпы мамлекеттик салыктардын суммаларын бөлүштүрүү белгиленсин.
4. Жергиликтүү салыктык жана салыктык эмес жыйымдардан келип түшкөн жергиликтүү бюджеттердин кирешелери башка деңгээлдердеги бюджеттерге алынууга жатпайт.
Берененин тексти 30.12.2013 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (2)
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 6-декабрындагы № 2562-V "Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджет жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 06.12.2012 · № 2562-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 27-декабрындагы № 2647-V "Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 27.12.2012 · № 2647-V
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203817/st-11" title="11-берене - Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>