# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203816)
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 25-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 9
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203816/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4747/edition/856040/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203816/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө, 1-берене (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203816/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 154 жана 155-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "154-статья. Он жети жашка толо элек адамды иш жүзүндө никелик мамилелерге өтүүгө мажбурлоо (1) Он жети жашка толо элек адамды иш жүзүндө никелик мамилелерге өтүүгө мажбурлоо - жүздөн беш жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө жазаланат. (2) Он жети жашка толо элек адамды иш жүзүндө никелик мамилелерге өтүү үчүн ала качуу - беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Кийинки берене: [155-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/203816/st-155)
