# КР 2012-жылдын 10-январындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 10-январындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 10.01.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203808>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4739/edition/1119766/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203808.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2012-жылдын 10-январындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203808

---

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! КР 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр, көрсөтүлгөн Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2013-жылдын 10-январы № 1 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203808/st-1)

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 258-1-берене менен толукталсын: "258-1-берене. Импорттолуучу куралдарды, аскер техникаларын, аскердик мүлктү, атайын техникаларды, атайын каражаттарды КНСтен бошотуу

1. Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүн, улуттук коопсуздугун жана укук тартибин камсыз кылуу максатында иши Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинен каржыланган мамлекеттик органдар жана уюмдар тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу куралдар, аскердик техникалар, аскердик мүлк, атайын техникалар, атайын каражаттар КНС төлөөдөн бошотулат.

2. Ушул беренеде көрсөтүлгөн товарды импорттоо ТЭИ ТН жараша, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тизмеге ылайык КНС төлөөдөн бошотулат.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203808/st-2)

(КР 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Кыргыз Республикасынын Президенти

А. Атамбаев
