# КР 2012-жылдын 26-декабрындагы № 205 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 26-декабрындагы № 205 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 205
- Кабыл алынган күнү: 26.12.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203805>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4736/edition/1119761/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203805.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2012-жылдын 26-декабрындагы № 205 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203805

---

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2012-жылдын 26-декабры № 205

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203805/st-1)

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 319-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы "в" пунктчасы менен толукталсын: "в) уюлдук байланыш чөйрөсүндөгү иш үчүн - 5,0 пайыз өлчөмүндө.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203805/st-2)

"Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 923-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

### [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203805/st-6)

төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын: "6. Уюлдук байланыш чөйрөсүндөгү иш үчүн - 5,0 пайыз өлчөмүндө сатуудан салык белгиленсин.".

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203805/st-3)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

### [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203805/st-4)

Ушул Мыйзам кийинки салык мезгилинин биринчи күнүнөн тартып, жарыялангандан кийин 2 айдан эрте эмес күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
