# КР 2012-жылдын 21-декабрындагы № 203 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 21-декабрындагы № 203 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 203
- Кабыл алынган күнү: 21.12.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203803>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4734/edition/422424/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203803.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2012-жылдын 21-декабрындагы № 203 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203803

---

КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2012-жылдын 21-декабры № 203

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203803/st-1)

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин: 65-статьяда: 1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "бирден үчкө чейин" деген сөздөр "үчтөн бешке чейин" деген сөздөргө алмаштырылсын; 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "үчтөн бешке чейин" деген сөздөр "бештен онго чейин" деген сөздөргө алмаштырылсын; берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын: "Ушул берененин биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн жашы жете электерди алкоголдук ичимдиктерди ичүүгө, баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды такай пайдаланууга же болбосо селсаяктык же кайырчылык кылууга түрткөн иш-аракеттер, ошого тете алар тарабынан жасалган кылмыш же атайылап администрациялык укук бузуулардын белгилерин камтыган жосундар, - эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203803/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
