# 3-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203802)
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 21-декабрындагы № 202 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 202
- Кабыл алынган күнү: 21.12.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.12.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203802/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4733/edition/422418/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203802/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.12.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 3-берене (21.12.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203802/st-3

---

"Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен Кыргыз Республикасынын граждандарын социалдык жактан коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1993-ж., № 6, 154-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 2-статьяда ", Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген нормалары жана Кыргыз Республикасынын аларга ылайык чыгарылуучу башка мыйзам актылары" деген сөздөр "жана башка ченемдик укуктук актылар" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. 4-статьянын 2-бөлүгүндө "Эгерде башкача белгиленбесе" деген сөздөр алып салынсын жана "ушул" деген сөз "Ушул" деген сөзгө алмаштырылсын.

3. 21-статьяда "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна" деген сөздөр "коргоо, социалдык өнүктүрүү, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар" деген сөздөргө алмаштырылсын.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203802/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203802/st-4)
