# КР 2012-жылдын 10-декабрындагы № 199 ""Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу"" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 10-декабрындагы № 199 ""Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу"" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 199
- Кабыл алынган күнү: 10.12.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.02.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203799>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4730/edition/1237813/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203799.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2012-жылдын 10-декабрындагы № 199 ""Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу"" Мыйзамы (28.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203799

---

Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 28-февралындагы № 44 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2012-жылдын 13-декабры № 199

"Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу"

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203799/st-1)

"Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж.,№2, 130-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 6-беренеде:

3 жана 4-бөлүктөрдө "каттоочу орган" деген сөздөр "Өкмөт" деген сөзгө алмаштырылсын; 8-бөлүгү "коммерциялык эмес уюмдардын жана" деген сөздөрдөн кийин "финансы-кредиттик мекемелердин," деген сөздөр менен толукталсын; 9-бөлүктүн үчүнчү абзацында "каттоочу орган тарабынан жүзөгө ашырылат" деген сөздөр "Өкмөт тарабынан жүзөгө ашырылат" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. 7-берененин 4-бөлүгүндө:

биринчи абзацында "ыйгарым укуктуу жактын" деген сөздөр "юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) жетекчисинин" деген сөздөргө алмаштырылсын; экинчи абзацында "каттоочу орган" деген сөздөр "Өкмөт" деген сөзгө алмаштырылсын.

3. 8-берененин 2-бөлүгүндө "чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдардын" деген сөздөрдөн мурда "финансы-кредиттик мекемелердин," деген сөздөр менен толукталсын.

4. 9-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "органдарды" деген сөз "мекемелерди" деген сөзгө алмаштырылсын.

5. 10-беренеде:

10-бөлүгүндө "каттоочу орган" деген сөздөр "Өкмөт" деген сөзгө алмаштырылсын; 13-бөлүгүндө:

- биринчи абзацында "коммерциялык эмес уюмдардын жана" деген сөздөрдөн кийин "финансы-кредиттик мекемелердин," деген сөздөр менен толукталсын; "каттоочу орган" деген сөздөр "Өкмөт" деген сөзгө алмаштырылсын;

- экинчи абзацында "каттоочу орган" деген сөздөр "Өкмөт" деген сөзгө алмаштырылсын;

берене төмөнкүдөй мазмундагы 16-бөлүк менен толукталсын: "16. Мамлекеттик кайра каттоо же болбосо ишин токтотууну каттоо жол-жобосунан өтүп жаткан, 1997-жылдын 1-январына чейин катталган (кайра катталган) юридикалык жактар, филиалдар (өкүлчүлүктөр) мамлекеттик статистика органы тарабынан берилген юридикалык жак, филиал (өкүлчүлүк) жөнүндө маалыматтарды камтыган документти кошумча беришет.".

6. 11-беренеде:

3-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын; 4-бөлүгүндө:

- экинчи абзацында "каттоочу орган" деген сөздөр "Өкмөт" деген сөзгө алмаштырылсын;

- алтынчы абзацында "фамилиясы, аты-жөнү, туулган жылы жана дареги көрсөтүлгөн" деген сөздөр алып салынсын;

4-1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "каттоочу орган" деген сөздөр "Өкмөт" деген сөзгө алмаштырылсын; 5-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын: "- уюштуруу документтеринин бирден нускасын берүүгө (финансы-кредиттик мекемелер жана коммерциялык эмес уюмдар үчүн);".

7. 12-беренеде:

3-бөлүгүнүн экинчи абзацында "каттоочу орган" деген сөздөр "Өкмөт" деген сөзгө алмаштырылсын; 6-бөлүгүнүн экинчи абзацында "аткаруучу органынын" деген сөздөр алып салынсын; 8-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын: "- уюштуруу документтеринин бирден нускасын берүүгө (финансы-кредиттик мекемелер жана коммерциялык эмес уюмдар үчүн);".

8. 13-беренеде:

3-бөлүгүнүн экинчи абзацында "каттоочу орган" деген сөздөр "Өкмөт" деген сөзгө алмаштырылсын; 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "Социалдык фонддун органынын камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жоктугу жөнүндө жана салык органынын салыктар боюнча карызы жоктугу жөнүндө маалымкаттарынын колдонулуу мөөнөтү көрсөтүлгөн документтер берилген күндөн тартып 6 айдан ашпоого тийиш.".

9. 14-беренеде:

"салык органдарына жана (же) Социалдык фонд органдарына" деген сөздөр "салык органына жана (же) Социалдык фонд органына" деген сөздөргө алмаштырылсын; төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "Юридикалык жакты мажбурлап жоюу жөнүндө соттун белгиленген тартипте мыйзамдуу күчүнө кирген чечими каттоо органы тарабынан иш-аракетин токтотууну каттоо жөнүндө буйрук чыгаруу үчүн негиз болуп саналат.".

10. 15-беренеде:

1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "каттоочу орган" деген сөздөр "Өкмөт" деген сөзгө алмаштырылсын; 3-бөлүгүндө:

- биринчи абзацында "Чет өлкөлүк" деген сөздөрдөн мурда "Финансы-кредиттик мекемелердин," деген сөздөр менен толукталсын; "Чет өлкөлүк" деген сөздөр "чет өлкөлүк" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"филиалды (өкүлчүлүктү) түзүү жөнүндө чечим кабыл алган финансы-кредиттик мекеменин, чет өлкөлүк же эл аралык уюмдун уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрүн."; 4-бөлүгүндө:

- үчүнчү абзацында "чет өлкөлүк" деген сөздөрдөн мурда "финансы-кредиттик мекемелердин," деген сөздөр менен толукталсын;

- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:

"- уюштуруу документтеринин бирден нускасын берүүгө (финансы-кредиттик мекемелердин, чет өлкөлүк же эл аралык уюмдардын филиалдары (өкүлчүлүктөрү) үчүн);"; 6-бөлүгүндө "каттоодон кийин" деген сөздөрдөн кийин "финансы-кредиттик мекемелердин," деген сөздөр менен толукталсын.

11. 16-беренеде:

1-бөлүгүнүн бешинчи абзацында "чет өлкөлүк" деген сөздөрдөн мурда "финансы-кредиттик мекемелердин," деген сөздөр менен толукталсын; 3-бөлүгүндө:

- экинчи абзацында "каттоочу орган" деген сөздөр "Өкмөт" деген сөзгө алмаштырылсын;

- жетинчи абзацында "Чет өлкөлүк" деген сөздөрдөн мурда "Финансы-кредиттик мекемелердин," деген сөздөр менен толукталсын; "Чет өлкөлүк" деген сөздөр "чет өлкөлүк" деген сөздөргө алмаштырылсын;

5-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын; "- уюштуруу документтеринин бирден нускасын берүүгө (финансы-кредиттик мекемелердин, чет өлкөлүк же эл аралык уюмдардын филиалдары (өкүлчүлүктөрү) үчүн);"; 7-бөлүгүндө "каттоодон кийин" деген сөздөрдөн кийин "финансы-кредиттик мекемелердин," деген сөздөр менен толукталсын.

12. 17-беренеде:

1-бөлүгүндө:

- экинчи абзацында "каттоочу орган" деген сөздөр "Өкмөт" деген сөзгө алмаштырылсын;

- алтынчы абзацында "чет өлкөлүк" деген сөздөрдөн мурда "финансы-кредиттик мекемелердин," деген сөздөр менен толукталсын;

- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:

"- каттоо жыйымын төлөгөндүгү жөнүндө квитанцияны;"; 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын: "Социалдык фонддун органынын камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жоктугу жөнүндө жана салык органынын салыктар боюнча карызы жоктугу жөнүндө маалымкаттарынын колдонулуу мөөнөтү көрсөтүлгөн документтер берилген күндөн тартып 6 айдан ашпоого тийиш.".

13. 20-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

"Мамлекеттик реестрден маалыматтар мамлекеттик мекемелерге акысыз берилет.".

14. 24-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. 1997-жылдын 1-январына чейин катталган (кайра катталган) юридикалык жактар, филиалдар (өкүлчүлүктөр) 2015-жылдын 1-январына чейин белгиленген тартипте мамлекеттик кайра каттоодон же иш-аракетинин токтолушун каттатуудан өтүүгө милдеттүү. 2015-жылдын 1-январына чейин белгиленген тартипте мамлекеттик кайра каттоодон же иш-аракетинин токтотулушу каттоодон өтпөгөн юридикалык жактар, филиалдар (өкүлчүлүктөр) Социалдык фонддун органынын жана (же) салык органынын тиешелүү арызынын негизинде сот тарабынан мажбурлап жоюлууга жатат.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203799/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
