# КР 2012-жылдын 10-декабрындагы № 198 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жала толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 10-декабрындагы № 198 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жала толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 198
- Кабыл алынган күнү: 10.12.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203798>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4729/edition/422416/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203798.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2012-жылдын 10-декабрындагы № 198 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жала толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203798

---

КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2012-жылдын 10-декабры № 198

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жала толуктоолорду киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203798/st-1)

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 374-статьянын экинчи абзацында "бирден эки" деген сөздөр "бештен он" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. 396-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн - бештен он, кызмат адамдарына - ондон элүү, юридикалык жактарга - жүздөн беш жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.".

3. 398 жана 399-статьялардын экинчи абзацында "0,5тен бир" деген сөздөр "бештен он" деген сөздөргө алмаштырылсын.

4. II бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 35-4-глава менен толукталсын:

"35-4-глава Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын жарандык коргоо чөйрөсүндө администрациялык укук бузуулар

"505-18-статья. Өзгөчө кырдаалдар органдарынын көрсөтмөлөрүн аткарбоо

Өзгөчө кырдаалдар органдарынын көрсөтмөлөрүн аткарбоо - жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн - ондон жыйырма, кызмат адамдарына - жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.".

5. 506-статьянын 4 жана 8-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын.

6. III бөлүмдүн 36-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 512-2-статья менен толукталсын:

"512-2-статья. Өзгөчө кырдаалдар органдары

Өзгөчө кырдаалдар органдары ушул Кодекстин 505-18-статьясында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт. Өзгөчө кырдаалдар органдарынын областтардагы, Бишкек, Ош шаарларындагы башкармалыктарынын начальниктери администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана администрациялык айыптарды салууга укуктуу.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203798/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
