# 1-берене

- Документ: ["Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/203796)
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 7-декабрындагы № 196 ""Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 196
- Кабыл алынган күнү: 07.12.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 21 января 2025 года № 18 "О свободе вероисповедания и религиозных объединениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/230020843)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203796/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4727/edition/455603/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203796/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу, 1-берене (21.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203796/st-1

---

"Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы. № 10, 1110-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин: 22-беренеде: 1-бөлүк "алып келүүгө" деген сөздөн кийин ", сактоого" деген сөз менен толукталсын; 2-бөлүк "даярдоого" деген сөздөн кийин ", сактоого, ташууга" деген сөздөр менен толукталсын; 3-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталган диний уюмдар мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кайрылуулары боюнча басма сөздө, кинофотоаудиовидео продукцияларда жана башка материалдарда диний экстремизмдин элементтери бар экени жөнүндө түшүндүрмө берүүгө укуктуу."; 8-бөлүктө "даярдоо" деген сөз "алып келүү, даярдоо, сатып алуу, ташуу, кайра жөнөтүү," деген сөздөргө алмаштырылсын; берене төмөнкүдөй мазмундагы 9-бөлүк менен толукталсын: "9. Диний экстремизмдин, сепаратизмдин жана фундаментализмдин идеяларын камтыган басылмаларды, кинофотоаудиовидео продукцияларды жана башка материалдарды алып келүүнү, даярдоону, сатып алууну, ташууну, кайра жөнөтүүнү, сактоону жана таратууну контролдоо дин иштери, улуттук коопсуздук жана ички иштер боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203796/st-2)
