1-берене
Күчүн жоготкон · 21.01.2025 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 21 января 2025 года № 18.
"Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы. № 10, 1110-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин: 22-беренеде: 1-бөлүк "алып келүүгө" деген сөздөн кийин ", сактоого" деген сөз менен толукталсын; 2-бөлүк "даярдоого" деген сөздөн кийин ", сактоого, ташууга" деген сөздөр менен толукталсын; 3-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталган диний уюмдар мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кайрылуулары боюнча басма сөздө, кинофотоаудиовидео продукцияларда жана башка материалдарда диний экстремизмдин элементтери бар экени жөнүндө түшүндүрмө берүүгө укуктуу."; 8-бөлүктө "даярдоо" деген сөз "алып келүү, даярдоо, сатып алуу, ташуу, кайра жөнөтүү," деген сөздөргө алмаштырылсын; берене төмөнкүдөй мазмундагы 9-бөлүк менен толукталсын: "9. Диний экстремизмдин, сепаратизмдин жана фундаментализмдин идеяларын камтыган басылмаларды, кинофотоаудиовидео продукцияларды жана башка материалдарды алып келүүнү, даярдоону, сатып алууну, ташууну, кайра жөнөтүүнү, сактоону жана таратууну контролдоо дин иштери, улуттук коопсуздук жана ички иштер боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.".
Берененин тексти 21.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндоЗакон · 31.12.2008 · № 282 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203796/st-1" title="1-берене - "Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>