# КР 2012-жылдын 31-ноябрындагы № 188 ""Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 31-ноябрындагы № 188 ""Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 188
- Кабыл алынган күнү: 30.11.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.11.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203788>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4719/edition/454192/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203788.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.11.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2012-жылдын 31-ноябрындагы № 188 ""Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы (30.11.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203788

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2012-жылдын 30-ноябры № 188

"Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203788/st-1)

"Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы, 12-февраль, 1997-ж., № 8) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. 2-статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Турмуш-тиричилик абоненти - энергия менен жабдуу келишими боюнча өз турмуш-тиричилик муктаждыгы үчүн энергияны пайдаланган жаран;".

2. 23-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:

"Турмуш-тиричилик абоненттери үчүн электр жана жылуулук энергиясынын счетчиктери (жеке эсептөөчү приборлор) энергия менен жабдуучу уюмдардын каражаттарынын эсебинен сатылып алынат, орнотулат жана эксплуатацияланат.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203788/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
