# КР 2012-жылдын 16-ноябрындагы № 183 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзам

- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 16-ноябрындагы № 183 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзам
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 183
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.11.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203783>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4714/edition/454182/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203783.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2012-жылдын 16-ноябрындагы № 183 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзам (16.11.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203783

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2012-жылдын 16-ноябры № 183

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203783/st-1)

"Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 193-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

### [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/203783/st-24)

төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын: "7. Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу орган кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө катталган укуктар жөнүндө маалыматтарды жерлерди пайдаланууну жана коргоону көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу органга берүүгө милдеттүү.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203783/st-2)

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 101-статьяда:

1-бөлүктүн экинчи абзацында "бирден беш" деген сөздөр "бештен он" деген сөздөргө алмаштырылсын; 2-бөлүктүн экинчи абзацында "бештен он" деген сөздөр "ондон он беш" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. 104-статьянын экинчи абзацында "үч" жана "беш" деген сөздөр "он" жана "элүү" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. 106-статьяда:

1-бөлүктүн экинчи абзацында "бирден үч" жана "үчтөн он" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "бештен он" жана "он бештен жыйырма" деген сөздөргө алмаштырылсын; 2-бөлүктүн экинчи абзацында "үчтөн он" жана "ондон жыйырма" деген сөздөр "ондон он беш" жана "жыйырмадан отуз" деген сөздөргө алмаштырылсын.

4. 107-статьянын экинчи абзацында "бирден беш" жана "үчтөн он" деген сөздөр "ондон жыйырма" жана "жыйырмадан элүү" деген сөздөргө алмаштырылсын.

5. 108-статьянын экинчи абзацында "экиден беш" деген сөздөр "ондон жыйырма" деген сөздөргө алмаштырылсын.

6. 109-статьянын экинчи абзацында "бир" жана "экиден үч" деген сөздөр "он" жана "жыйырмадан отуз" деген сөздөргө алмаштырылсын.

7. 110-статьяда:

1-бөлүктүн экинчи абзацында "эки өлчөмүндө" деген сөздөр "беш өлчөмүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын; 2-бөлүктүн экинчи абзацында "беш өлчөмүндө" деген сөздөр "он өлчөмүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын.

8. 111-статьянын экинчи абзацында "беш" жана "үчтөн беш" деген сөздөр "он" жана "элүүдөн жүз" деген сөздөргө алмаштырылсын.

9. 112-статьянын экинчи абзацында "бештен он" деген сөздөр "жыйырмадан элүү" деген сөздөргө алмаштырылсын.

10. 113-статьянын экинчи абзацында "бирден эки" жана "ондон жыйырма" деген сөздөр "ондон жыйырма" жана "элүүдөн жүз" деген сөздөргө алмаштырылсын.

11. 114-статьянын экинчи абзацында "бир" жана "үчтөн беш" деген сөздөр "беш" жана "ондон жыйырма" деген сөздөргө алмаштырылсын.

12. 115-статьянын экинчи абзацында "беш" деген сөз "отуз" деген сөзгө алмаштырылсын.

13. 116-статьянын экинчи абзацында "үч" жана "экиден беш" деген сөздөр "он" жана "ондон отуз" деген сөздөргө алмаштырылсын.

14. 117-статьянын экинчи абзацында "беш" деген сөз "он" деген сөзгө алмаштырылсын.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203783/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
