# КР 2012-жылдын 8-ноябрындагы № 179 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 8-ноябрындагы № 179 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 179
- Кабыл алынган күнү: 08.11.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.11.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203779>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4710/edition/454174/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203779.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.11.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2012-жылдын 8-ноябрындагы № 179 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы (08.11.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203779

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2012-жылдын 8-ноябры № 179

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203779/st-1)

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., N 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1. 131-статьянын экинчи абзацында "бирден үч" жана "үчтөн он" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "ондон жыйырма" жана "жыйырмадан кырк" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. 150-статьяда:

1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "бирден үч" жана "үчтөн сегиз" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "бештен он" жана "ондон кырк" деген сөздөргө алмаштырылсын; 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "бирден беш" деген сөздөр "ондон кырк" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. 167-статьянын экинчи абзацында "бирден беш" жана "бештен он беш" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "бештен он" жана "ондон кырк" деген сөздөргө алмаштырылсын.

4. 182-статьянын биринчи абзацы "Парктардагы," деген сөздөн кийин "гүлбактардагы, пансионаттардагы, курорттордогу," деген сөздөр менен толукталсын.

5. 489-статьянын 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "ондон жыйырма" деген сөздөр "элүүдөн жүз" деген сөздөргө алмаштырылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203779/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
