# КР 2012-жылдын 29-октябрындагы № 175 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 29-октябрындагы № 175 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 175
- Кабыл алынган күнү: 29.10.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203775>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4706/edition/454166/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203775.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2012-жылдын 29-октябрындагы № 175 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (29.10.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203775

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2012-жылдын 29-октябры № 175 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203775/st-1)

"Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., N 11, 510-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 2-статьянын 2-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "каттоону жана" деген сөздөр алып салынсын.

2. 3-статьянын 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацындагы "камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдү каттоону," деген сөздөр алып салынсын.

3. 9-статьянын 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Бир жыныстагы адамдардын жетимиш пайыздан ашык эмес өкүлчүлүгүн эске алуу менен Социалдык фонддун башкармасынын курамы жети адамдан турат. Башкарманын курамына Социалдык фонддун төрагасы жана анын орун басарлары кызмат орду боюнча кирет. Башкарманын калган мүчөлөрү Социалдык фонддун жооптуу кызматкерлеринин ичинен Социалдык фонддун төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203775/st-2)

"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., N 7. 85-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 22-статьянын 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

2. 26-статьянын 2-пунктунун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203775/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
