# 9-берене. Курман болгон адамдардын балдарына социалдык кепилдиктер

- Документ: [2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203773)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 22-октябрындагы № 173 "2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 173
- Кабыл алынган күнү: 22.10.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203773/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4704/edition/1270756/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203773/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жөнүндө, 9-берене (04.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203773/st-9

---

Курман болгон адамдардын балдарына төмөнкүлөр кепилденет:

- мектепке чейинки мамлекеттик билим берүү уюмдарында, дарылоо жана санатордук типтердеги мамлекеттик адистештирилген балдар мекемелеринде, ден соолукту чыңдоочу мамлекеттик лагерлерде жана башка ден соолукту чыңдоочу мамлекеттик мекемелерде кезексиз жана акысыз орундар менен камсыз кылуу;

- башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын бюджеттик бөлүмдөрүнө кирүү үчүн квоталарды берүү;

- алар он сегиз жаш куракка чыкканга чейин Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик кепилдиктердин программасына ылайык акысыз кароо жана медициналык жардам көрсөтүү;

- мыйзамда белгиленген тартипте жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун (бир жолу) биринчи кезекте алуу.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203773/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203773/st-10)
