# 2-берене. Жарандардын категориялары

- Документ: [2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203773)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 22-октябрындагы № 173 "2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 173
- Кабыл алынган күнү: 22.10.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 4 августа 2023 года № 162 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О государственной социальной помощи членам семей погибших и пострадавшим в событиях 17-18 марта 2002 года в Аксыйском районе Джалал-Абадской области Кыргызской Республики", "О социальной защите членов семей погибших и пострадавших лиц в результате событий, произошедших в апреле-июне 2010 года и в апреле 2021 года")](https://aqlex.ai/kg/doc/112650)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 04.08.2023 [Закон Кыргызской Республики от 4 августа 2023 года № 162 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О государственной социальной помощи членам семей погибших и пострадавшим в событиях 17-18 марта 2002 года в Аксыйском районе Джалал-Абадской области Кыргызской Республики", "О социальной защите членов семей погибших и пострадавших лиц в результате событий, произошедших в апреле-июне 2010 года и в апреле 2021 года")](https://aqlex.ai/kg/doc/112650); 08.12.2021 [Закон КР от 8 декабря 2021 года № 148 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О социальной защите членов семей погибших и пострадавших лиц в результате событий, произошедших в апреле-июне 2010 года"](https://aqlex.ai/kg/doc/112328)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203773#diff=1270758..1270759>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203773/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4704/edition/1270756/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203773/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жөнүндө, 2-берене (04.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203773/st-2

---

Ушул Мыйзамдын жарандардын төмөнкүдөй категориялары үчүн таасири болот:

- курман болгон адамдар - 2010-жылдын 6-апрелинде Талас облусундагы, 2010-жылдын 7-апрелинде - Бишкек жана Нарын шаарларындагы, 2010-жылдын 13, 14, 19-майында Жалал-Абад облусундагы окуяларда жана 2010-жылдын июнунда Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы окуяларда курман болгон, ошондой эле мөөнөтүнүн эскиргенине карабастан алардын курман болушуна же өлүмүнө алган жаракаты себеп болгон каза болгон адамдар;

- жабыр тарткан адамдар - соттук-медициналык экспертизанын тиешелүү корутундусу менен ырасталган, ден соолугуна оор, анча оор эмес жана жеңил жаракат алган адамдар, ошондой эле 2010-жылдын 6-апрелинде Талас облусундагы, 2010-жылдын 7-апрелинде - Бишкек жана Нарын шаарларындагы, 2010-жылдын 13, 14, 19-майында Жалал-Абад облусундагы окуялардан жана 2010-жылдын июнунда Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы окуялардан алган жаракаттардын кесепетинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү деп таанылган адамдар.

(КР 2021-жылдын 8-декабрындагы № 148, 2023-жылдын 4-августундагы № 162 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203773/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203773/st-3)
