# 10-берене. Жабыр тарткан адамдарга социалдык кепилдиктер

- Документ: [2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203773)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 22-октябрындагы № 173 "2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 173
- Кабыл алынган күнү: 22.10.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 декабря 2021 года № 148 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О социальной защите членов семей погибших и пострадавших лиц в результате событий, произошедших в апреле-июне 2010 года"](https://aqlex.ai/kg/doc/112328)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203773#diff=1270756..1270757>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203773/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4704/edition/1270756/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203773/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жөнүндө, 10-берене (04.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203773/st-10

---

Жабыр тарткан адамдарга төмөнкүлөр кепилденет:

- Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик кепилдиктердин программасынын алкактарында медициналык жактан тейлөө жана дары-дармектер менен жеңилдетилген камсыз кылуу;

- биринчи деңгээлдеги дарылоо-алдын-алуу уюмдарда артыкчылыктуу тейлөө жана стационарларга кезексиз жаткыруу;

- медициналык корутундуларга ылайык протездик-ортопедиялык буюмдар менен акысыз камсыз кылуу;

- санаторийлерде, профилакторийлерде жана дем алуу үйлөрүндө иштеген жери боюнча жолдомолор менен камсыз кылынышына артыкчылыктуу укук;

- "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте жана шарттарда аскердик кызмат өтөөдөн бошотуу;

- мыйзамда белгиленген тартипте жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун (бир жолу) биринчи кезекте алуу;

- мыйзамдарда белгиленген тартипте чөп чаап алуу жана малды жаюу үчүн жайыт участкаларын биринчи кезекте алуу;

- мыйзамдарда белгиленген тартипте алар ээлеген мамлекеттик жана коммуналдык турак жай фондунун турак жайларын жеке менчикке акысыз өткөрүп берүү;

- улгайгандардын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын жатак үйлөрүнө кезексиз кабыл алынуу укугу, ошондой эле социалдык коргоо органдары тарабынан үйүндө кезексиз тейленүү.

(КР 2021-жылдын 8-декабрындагы № 148 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203773/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203773/st-11)
