16-берене
Күчүндө · 07.04.2026 редакциясы
"Баалуу кагаздар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 2009-ж., № 7, 761-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 8-беренесинин жетинчи жана онунчу абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын.
2. 9-беренеде:
бешинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын; он тогузунчу абзацындагы "баалуу кагаздардын ачык сунушталышын," деген сөздөр алып салынсын.
3. 15-беренесинин 2 жана 4-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын.
4. 16 жана 17-беренелери күчүн жоготту деп таанылсын.
5. 23-беренеде:
1-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "жана бул мөөнөт бүткөндөн кийин ачык сунуштун шарттарын жана проспектин каттоону төмөнкү учурларда жокко чыгара алат" деген сөздөр алып салынсын; 4-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын.
6. 27-берененин 3-бөлүгүндөгү "жана баалуу кагаздарды сунуштоонун шарттарын жана проспекти каттоону жоюуга" деген сөздөр алып салынсын.
7. 35-беренеде:
1-бөлүгүндө:
- үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- жетинчи-тогузунчу абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Баалуу кагаздардын ачык эмиссиясында эмиссиянын жол-жобосу баалуу кагаздарды ачык сунуштоо жөнүндө маалыматты ачуу менен толукталат."; 2-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын.
8. 36-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"36-берене. Баалуу кагаздарды чыгаруунун жыйынтыктары
1. Ачык эмиссиянын жыйынтыктары ушул Мыйзамдын 27-беренесине ылайык чыгарылат. Чыгарылган баалуу кагаздардын жана ачык сунуштоонун бардыгы эле эмес жайгаштырылган учурда 27-беренеге ылайык болуп өттү деп эсептелет, баалуу кагаздардын жайгаштырылган санында баалуу кагаздарды чыгаруу болду деп таанылат. Жайгаштырылбаган баалуу кагаздар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жокко чыгарылууга жатат.
2. Эгерде баалуу кагаздарды жайгаштыруу мөөнөтүнүн аякташы боюнча аларды жайгаштыруу баалуу кагаздарды чыгарууну болду деп таануу үчүн зарыл болгон Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген санынан кем эмес жайгаштырылса, жабык жайгаштыруу үчүн арналган баалуу кагаздарды чыгаруунун жыйынтыгы болду деп таанылат. Мында, чыгарылган баалуу кагаздардын баарын эле эмес жайгаштырган учурда жайгаштырылган баалуу кагаздардын санында баалуу кагаздарды чыгаруу болду деп таанылат. Жайгаштырылбаган баалуу кагаздар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жокко чыгарылууга жатат.
Мындай баалуу кагаздарды жайгаштырууну аткаргандан кийин эмитент төмөндөгү маалыматтардан турган билдирүүнү 30 күндөн кечиктирбестен баалуу кагаздардын рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органга берүүгө милдеттүү:
1) баалуу кагаздарды жайгаштырууну баштаган жана бүткөн күнүн;
2) баалуу кагаздардын жайгаштырылган санын;
3) баалуу бир кагазды жайгаштыруунун баасын;
4) баалуу кагаздарды жайгаштыргандык үчүн төгүмдөрдүн жалпы көлөмүн, анын ичинде:
- улуттук валютадагы акчалай каражаттардын көлөмүн;
- салуу учуруна карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча Кыргыз Республикасынын валютасында туюнтулган чет өлкө валютасынын көлөмүн;
- Кыргыз Республикасынын валютасында туюнтулган жайгаштырылган баалуу кагаздар үчүн төлөм катары киргизилген материалдык жана материалдык эмес активдердин көлөмүн.".
9. 41-берененин 6-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "ченемдик укуктук актыларында" деген сөздөр "Өкмөтү тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын.
10. 54-беренеде:
2-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын; 3-бөлүктүн 1-пунктунун бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын; 6-бөлүктүн бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
11. 65-берененин 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
Берененин тексти 07.04.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Баалуу кагаздар рыногу жөнүндөЗакон · 24.07.2009 · № 251
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203770/st-16" title="16-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>