# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203770)
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 170
- Кабыл алынган күнү: 10.10.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203770/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4701/edition/1273526/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203770/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1-берене (07.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203770/st-1

---

"Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 6, 377-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 43-статьяда: 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3. Ссуда-аманат турак жай-курулуш кассасы өз катышуучуларынын акчалай каражаттарын турак жай-аманат салымдарына тартуу жана өз катышуучуларына мөөнөт коюу, кайтарып берүү жана акы төлөө шарттары менен турак жай кредиттерин берүү боюнча ишти жүзөгө ашырат."; 4-пункт күчүн жоготту деп таанылсын; 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "6. Ссуда-аманат турак жай-курулуш кассасынын капиталы акысы төлөнгөн турак жай-аманат салымдарынан жана резервдеринен турат. Капитал катышуучулардын акчалай каражаттарынын эсебинен кур алышы керек.". 7-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203770/st-2)
