# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 13-декабрындагы № 180 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым аткаруу органынын башчыларын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 13-декабрындагы № 180 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым аткаруу органынын башчыларын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 180
- Кабыл алынган күнү: 13.12.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.12.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20377>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1378/edition/499820/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20377.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 13-декабрындагы № 180 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым аткаруу органынын башчыларын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому (13.12.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20377

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2013-жылдын 13-декабры № 180

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым аткаруу органынын башчыларын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 26-ноябрындагы №165 токтому менен 2013-жылдын 11-декабрына дайындалган Нарын облусундагы Жумгал районунун Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоого айылдык кеңештин зарыл сандагы депутаттарынын катышпагандыгынан, Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун Сумсар, Баткен облусундагы Баткен районунун Кыштут айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо катталган талапкерлер зарыл болгон сандагы депутаттардын добуштарын алышпагандыктан айыл өкмөт башчылары шайланган эмес. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 26-ноябрындагы №166 токтому менен 2013-жылдын 12-декабрына дайындалган Чүй облусундагы Чүй районунун Ак-Бешим, Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунун Кеңеш, Ош облусундагы Араван районунун Алля Анаров айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо талапкерлер зарыл болгон сандагы депутаттардын добуштарын алышпагандыктан айыл өкмөт башчылары шайланган эмес. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 5-пунктуна, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын:

-Нарын облусундагы Жумгал районунун Көк-Ой; -Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун Сумсар; -Баткен облусунун Баткен районунун Кыштут; -Чүй облусундагы Чүй районунун Ак-Бешим; -Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунун Кеңеш; -Ош облусундагы Араван районунун Алля Анаров, -айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоо күнү 2013-жылдын 25 - декабрына дайындалсын.

2. Жумгал, Чаткал, Баткен, Чүй, Базар-Коргон, Араван аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону мыйзамда белгиленген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы

Т. Абдраимов
