# КР 2012-жылдын 6-октябрындагы № 169 "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 6-октябрындагы № 169 "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 169
- Кабыл алынган күнү: 06.10.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203769>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4700/edition/1119744/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203769.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2012-жылдын 6-октябрындагы № 169 "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203769

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2012-жылдын 6-октябры № 169

Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу (КР 2013-жылдын 19-октябрындагы № 195 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203769/st-1)

(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203769/st-2)

(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203769/st-3)

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. 351-статьянын аталышы жана биринчи абзацы "декларация жана" деген сөздөрдөн кийин "/же" деген сөз менен толукталсын.

2. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 356-1-статья менен толукталсын:

"356-1-статья. Банктын жоопкерчилиги

Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 126-беренесинде белгиленген милдеттерди аткарбаганы үчүн, - банктын кызмат адамына эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".

3. 535-статьянын 1-бөлүгүндө "356," деген сандан кийин "356-1," деген сан менен толукталсын; "418" деген сан алып салынсын.

### [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203769/st-4)

(КР 2013-жылдын 19-октябрындагы № 195 Мыйзамынын редакциясына ылайык күчүн жоготту)

### [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203769/st-5)

"Кредиттик союздар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 2, 108-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 4-статьяда: 4-бөлүктө: "шартта" деген сөз ", эгерде ушул бөлүктө башкача каралбаган шартта" деген сөздөргө алмаштырылсын; 2-пункт күчүн жоготту деп таанылсын; 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "5. Кредиттик союз лицензияда көрсөтүлгөн каржылык кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле каржылык лизинг боюнча операцияларды жүзөгө ашырууга укуктуу.".

### [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203769/st-6)

"Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., 9, 412-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин: 16-статьяда: 1-бөлүктө: "Микрофинансы" деген сөздөр "Эгерде ушул бөлүктө башкача каралбаса, микро каржы" деген сөздөргө алмаштырылсын; 4-пункт күчүн жоготту деп таанылсын; статья төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын: "6. Микрокаржы компаниясы каржылык лизинг боюнча операцияларды жүзөгө ашыра алат.".

### [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203769/st-7)

(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

### [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203769/st-8)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. Ушул Мыйзам 2013-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. Ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 43-бөлүгү 2009-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. Ушул Мыйзамдын 2-беренеси 2012-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
