21-берене
Күчүндө · 27.09.2012 редакциясы
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып:
- Токтогул жана Кемин поселоктук кеңештери тиешелүүлүгүнө жараша Токтогул жана Кемин шаардык кеңештери деп аталсын;
- Токтогул жана Кемин шаар тибиндеги поселокторунун аткаруу органдары тиешелүүлүгүнө жараша Токтогул жана Кемин шаарларынын мэриялары деп аталсын;
- 2010-жылдын 28-мартындагы жана 2012-жылдын 25-мартындагы шайлоолордун жыйынтыктары боюнча тиешелүүлүгүнө жараша шайланган Токтогул жана Кемин поселоктук кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктары Токтогул жана Кемин шаардык кеңештеринин депутаттарынын статусунда алар шайланган мөөнөттүн акырына чейин сакталат;
- Токтогул жана Кемин поселоктук кеңештери тарабынан шайланган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары тиешелүүлүгүнө жараша 2010-жылдын 28-мартындагы жана 2012-жылдын 25-мартындагы шайлоолордун жыйынтыктары боюнча шайланган Токтогул жана Кемин шаарларынын жергиликтүү башкаруусунун өкүлчүлүктүү органдарынын чакырылышынын мөөнөтүнө, же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен каралган тартипте ээлеген кызмат орундарынан мөөнөтүнөн мурда бошотулганга чейин Токтогул жана Кемин шаарларынын мэрлеринин статусундагы өз ыйгарым укуктарын сактап калат.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети администрациялык-аймактык бирдиктерди статистикалык эсепке алуусуна тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзамдан келип чыккан мыйзамдардын долбоорлорун үч айлык мөөнөттө даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жергиликтүү башкаруунун тиешелүү органдары ушул Мыйзамды ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
Берененин тексти 27.09.2012 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
21-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203768/st-21" title="21-берене - Кыргыз Республикасынын шаар тибиндеги айрым поселокторун өзгөртүп түзүү жана аларды айылдын же шаардын категориясына киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>