# КР 2012-жылдын 10-августундагы № 166 "1993-жылдын 29-майында Гаагада кабыл алынган Балдарды коргоо жана эл аралык асыроого карата кызматташуу жөнүндө конвенцияны ратификациялоо тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 10-августундагы № 166 "1993-жылдын 29-майында Гаагада кабыл алынган Балдарды коргоо жана эл аралык асыроого карата кызматташуу жөнүндө конвенцияны ратификациялоо тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 166
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.08.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203766>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4697/edition/454150/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203766.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.08.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2012-жылдын 10-августундагы № 166 "1993-жылдын 29-майында Гаагада кабыл алынган Балдарды коргоо жана эл аралык асыроого карата кызматташуу жөнүндө конвенцияны ратификациялоо тууралуу" Мыйзамы (10.08.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203766

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2012-жылдын 10-августу № 166

1993-жылдын 29-майында Гаагада кабыл алынган Балдарды коргоо жана эл аралык асыроого карата кызматташуу жөнүндө конвенцияны ратификациялоо тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203766/st-1)

1993-жылдын 29-майында Гаагада кабыл алынган Балдарды коргоо жана эл аралык асыроого карата кызматташуу жөнүндө конвенция ратификациялансын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203766/st-2)

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги депозитарий болуп эсептелген Нидерланд Королдугунун Тышкы иштер министрлигине ратификациялоо жөнүндө грамотаны сактоого жиберсин.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203766/st-3)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аткаруу бийлигинин балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жаатындагы мамлекеттик органына, Балдарды коргоо жана эл аралык асыроого карата кызматташуу жөнүндө конвенцияда жүктөлгөн нормаларды аткарууда, Кыргыз Республикасынын атынан ыйгарым укуктуу орган катары чыгууга ыйгарым укук берсин.

### [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203766/st-4)

Балдарды коргоо жана эл аралык асыроого карата кызматташуу жөнүндө конвенциянын 23-статьясына ылайык эл аралык асырап алуу боюнча күбөлүктү жарандык абалдын актыларын каттоо жаатындагы аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы берет.

### [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203766/st-5)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
