# 9-берене. Кыртышты коргоо жаатындагы мамлекеттик көзөмөл

- Документ: [Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203765)
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 9-августундагы № 165 "Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 165
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.07.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203765/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4696/edition/724792/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203765/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө, 9-берене (06.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203765/st-9

---

1. Кыртышты коргоо жаатындагы мамлекеттик көзөмөл мамлекеттик экологиялык көзөмөлдүн, жерди пайдалануу жана коргоо үчүн мамлекеттик көзөмөлдүн жана калктын санитардык-эпидемиологиялык бейкамдыгын камсыз кылуу үчүн көзөмөлдүн алкактарында жүзөгө ашырылат.

2. Кыртышты коргоо жаатындагы мамлекеттик көзөмөлгө төмөнкүлөр кирет:

1) чарбачылык жана башка иштерди жүргүзүүдө кыртыштын абалын көзөмөлдөө;

2) кыртышты коргоо жаатындагы талаптардын жана ченемдердин аткарылышын көзөмөлдөө;

3) кыртыштын кери кетүүсүнүн жана булганышынын алдын алуу, кыртышты калыбына келтирүү жана кыртыштагы терс жүрүмдөрдү жок кылуу боюнча чараларды камтыган жерге жайгаштыруу, шаар куруу жана башка документтерде каралган иш-чаралардын аткарылышын көзөмөлдөө;

4) кыртыштын абалы жөнүндө берилген маалыматтардын ишенимдүүлүгүн көзөмөлдөө;

5) кыртышты коргоо жаатында ашкереленген бузулууларды четтетүү боюнча чараларды көрүүнү көзөмөлдөө.

3. Кыртышты коргоо жаатындагы мамлекеттик көзөмөл ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203765/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203765/st-10)
