# 8-берене. Жер ээлеринин компетенциясы жана милдеттери

- Документ: [Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203765)
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 9-августундагы № 165 "Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 165
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.07.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203765/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4696/edition/724792/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203765/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө, 8-берене (06.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203765/st-8

---

1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Мыйзамга ылайык жер ээлеринин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

1) кыртышты коргоо боюнча мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүү;

2) тобокелчиликтүү тоо дыйканчылыгын жана мал чарбачылыгын эске алуу менен кыртышты коргоо чөйрөсүндө илимдин жана илимий изилдөөлөрдүн прогрессивдүү иштеп чыгууларын колдонуу;

3) кыртышты сарамжалдуу пайдалануу жана күрдүүлүгүн жогорулатуу, кыртыш ресурстарын коргоо боюнча райондун жана айылдык округдун программаларын ишке ашырууга катышуу;

4) жердин күрдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чараларды көрүү;

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктардын алкактарында кыртышты коргоо чөйрөсүндө башка маселелерди чечүү.

2. Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына жана ушул Мыйзамга ылайык жер ээсинин кыртышты коргоо жаатындагы негизги милдеттерине төмөнкүлөр кирет:

1) тоо дыйканчылыгындагы негизги талап катары кыртышты коргоочу технологияларды жана техниканы колдонуу;

2) кыртышты коргоо максатында илим жана илимий иштеп чыгууларды колдонуу;

3) айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүдө которуштуруп айдоону, жер семирткичтерди, механизация жана өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын колдонуу;

4) кыртышты шамал эрозиясынан коргоо боюнча чараларды жана суу эрозиясынан коргоо боюнча технологияларды пайдалануу;

5) кыртышты изилдөөнү жүргүзүү жана кыртышты изилдөө жөнүндө маалыматтарды берүү;

6) кыртыштын күрдүүлүгүн төмөндөтүү үчүн жоопкерчилик тартуу.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203765/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203765/st-9)
